BBC Кыргызстан тууралуу маалыматтарды дүйнөлүк аудиторияга алып чыгууга кызыкдар

Коом Загрузка... 25 Май 2026 16:05
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous
copyright icon Аскат Алагөзовдун социалдык тармактагы баракчасынан

Бишкек, 25.05.26. /Кабар/. Президенттин басма сөз катчысы Аскат Алагөзов Би-Би-Синин (BBC) Европа жана Борбор Азия боюнча регионалдык директору Ричард Колборн менен жолукту. Бул тууралуу ал социалдык тармактагы баракчасына жазды.

Алагөзов жолугушууда медиа тармагында кызматташуу, өлкөдөгү масштабдуу иш-чараларды дүйнө коомчулугуна жеткирүү маселелери талкууланганын билдирди.

"Анын ичинде алдыда күтүлүп жаткан иш-чараларды: Кыргызстандын БУУнун Коопсуздук кеңешине туруктуу эмес мүчө катары талапкерлигин коюусун, Шанхай кызматташтык уюмунун жыйынын жана Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары өңдүү ири иш-чараларды эл аралык аудиторияга алып чыгууну сунуштадым.

Ричард Колборн Би-Би-Си Кыргызстан тууралуу маалыматтарды, анын ичинде расмий позицияларды да дүйнөлүк аудиторияга алып чыгууга кызыкдар экенине ишендирди", - деди Аскат Алагөзов.

Белгилей кетсек, Би-Би-Си кыргыз кызматынын Кыргызстанда иштеп жатканына быйыл 30 жыл толду.