Бишкек, 22.03.26. /Кабар/. Бүгүн күндүн экинчи жарымында Бишкекте Жибек Жолу проспектисиндеги көпүрөнүн түштүк бөлүгү дагы пайдаланууга берилет. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.
Оңдоо иштеринин натыйжасында көпүрө заманбап талаптарга ылайык кеңейтилип, анын туурасы 34,3 метрди, ал эми узундугу 25 метрге түздү.
Долбоордун алкагында көпүрө толугу менен реконструкцияланып, унаа жүрүүчү тилкелердин саны көбөйтүлдү, ошондой эле жөө жүргүнчүлөр үчүн ыңгайлуу тротуарлар салынды.
Белгилей кетсек, реконструкцияга чейин көпүрөнүн туурасы болгону 9 метрди түзүп, жол кыймылына олуттуу кыйынчылыктарды жаратып келген.
Буга чейин көпүрөнүн түндүк тарабы ачылган.