Бүгүн Жалал-Абад менен Баткенде кар жаашы мүмкүн – аба ырайы

Коом Загрузка... 30 Декабрь 2025 08:55
WhatsApp_Image_2025_0k6wM21.2e16d0ba.format-webp.fill-1668x1014.webp
copyright icon Кабар Жээнбек Сагыналиев

Бишкек, 30.12.25. /Кабар/. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги 30-декабрга карата аба ырайы тууралуу маалымат берди.

Ага ылайык, бүгүн Жалал-Абад жана Баткен облустарынын тоолуу райондорунда кар жаашы ыктымал. Калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт.

Түштүк-чыгыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундуна 5-10 метрге жетет.

Абанын температурасы Чүй облусунда +8... +13, Талас облусунда +7… +12, Баткен облусунда +6… +11, Ош, Жалал-Абад облустарында +7... +12, Ысык-Көл облусунда +3... +8, Нарын облусунда -8... -13 градус болот.

Бишкек шаарында абанын табы +11... +13 градусту түзөт.