Бүгүн Ысык-Көлдүн айрым жерлеринде кар жаашы мүмкүн – аба ырайы

Коом Загрузка... 13 Январь 2026 08:50
IMG-20251208-WA0115.jpg
copyright icon Кабар Жээнбек Сагыналиев

Бишкек, 13.01.26. /Кабар/. Бүгүн Ысык-Көл облусунун айрым жерлеринде кар жаашы мүмкүн.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришкендей, калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт.

Түштүк-чыгыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 5-10 метрге жетет.

Абанын температурасы Чүй облусунда +11... +16, Талас облусунда +8… +13, Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында +9... +14, Ысык-Көл облусунда +1... +6, Нарын облусунда -9... -14 градус болот.

Ал эми Бишкек шаарында абанын табы +14... +16 градусту түзөт.