Бүгүн Шавкат Мирзиёев Кыргызстанга мамлекеттик сапары менен келет

Саясат Жүктөлүүдө... 30 Июль 2026 10:30
1066213079_0_0_3076_2047_1440x900_80_0_1_5b3b30ed2df2ad675aaf89a11cf8766b.jpg.webp
copyright icon WWW

Бишкек, 30.07.26. /Кабар/. Кыргызстандын президенти Садыр Жапаровдун чакыруусу менен Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев бүгүн, 30-июлда Кыргызстанга мамлекеттик сапары менен келет.

Сапардын жүрүшүндө бетме-бет форматта жана кеңейтилген курамда сүйлөшүүлөрдү өткөрүү пландалууда.

Сапардын жыйынтыгында бир катар мамлекеттер аралык, өкмөттөр аралык жана ведомстволор аралык документтерге кол коюу мерчемделген.

Өзбекстандын президентинин алдыдагы мамлекеттик сапары достук, ишеним жана өз ара колдоо принциптерине негизделген кыргыз-өзбек мамилелерин мындан ары чыңдоодогу маанилүү этап болуп калат.