Бүгүн Нарын, Жалал-Абад, Чүйдө кар жаашы күтүлөт – аба ырайы

Коом Загрузка... 16 Декабрь 2025 09:06
WhatsApp Image 2025-12-08 at 16.57.47.jpeg
copyright icon Кабар Жээнбек Сагыналиев

Бишкек, 16.12.26. /Кабар/. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги 16-декабрга карата аба ырайы тууралуу маалымат берди.

Ага ылайык, бүгүн Нарын, Жалал-Абад жана Чүй облусунда кар жаашы ыктымал.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундуна 4-9 метрге жетет. Айрым жерлерде туман түшүшү мүмкүн.

Абанын температурасы Чүй облусунда +4... +9, Талас облусунда +4… +9, Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында +5... +10, Ысык-Көл облусунда +1... +6, Нарын облусунда -3... +2 градус болот.

Бишкек шаарында абанын табы +6... +8 градусту түзөт.

Жолдор тайгак болот. Мындай аба ырайында узак жолго чыксаңыз жылуу кийинип, жаныңызга тамак-аш ала жүрүңүз. Унаа башкарууда аралыкты сактап айдаңыз.