Жамгыр жаап, күн күркүрөйт: 24-апрелге карата аба ырайы

Коом Загрузка... 24 Апрель 2026 09:20
WhatsApp Image 2026-01-16 at 16.19.29.jpeg
copyright icon Кабар Жээнбек Сагыналиев

Бишкек, 24.04.26. /Кабар/. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги 24-апрелде күтүлгөн аба ырайы тууралуу маалымат берди.

Ага ылайык, бүгүн Чүй, Ош, Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Жалал-Абад облусунун айрым жерлеринде жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондорунда кар жаашы күтүлөт.

Ал эми Талас, Баткен облустарында жаан-чачын күтүлбөйт.

Бийик тоолуу райондордо жолдор тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, айрым жерлерде 15-20 метрге жетиши мүмкүн.

Абанын температурасы Чүй облусунда +19...+24, Талас облусунда +18...+23, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында +21…+26, Ысык-Көл облусунда +14...+19, Нарын облусунда +13...+18 градус жылуу болот.

Бишкек менен Ошто жамгыр жаап, күн күркүрөйт. Абанын температурасы Бишкекте +20…+22, Ошто +24…+26 градуска жетет.