Бишкек, 07.02.26. /Кабар/. Бүгүн өлкөнүн көпчүлүк аймагында кар жаашы ыктымал. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.
Абанын температурасы Чүй облусунда 0... +5, Суусамыр өрөөнүндө -9… -14, Талас облусунда -1… +4, Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында +1... +6, Ысык-Көл облусунда +1... +6, Нарын облусунда -3... -8 градус болот.
Ал эми Бишкек шаарында абанын табы +2... +4 градусту түзөт.