Күн жылуу, бирок шамал: 2-мартка карата өлкөдө күтүлгөн аба ырайы

Коом Загрузка... 02 Март 2026 10:05
WhatsApp Image 2026-01-16 at 16.14.11.jpeg
copyright icon Кабар Жээнбек Сагыналиев

Бишкек, 02.03.26. /Кабар/. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги 2-мартка карата өлкө аймагында күтүлгөн аба ырайы тууралуу маалымат берди.

Ага ылайык, бүгүн Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын көпчүлүк аймактарында, Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде жаан, кар, тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт.

Түнкүсүн жана эртең менен айрым жерлерде туман түшүшү күтүлөт. Тоо этектерде жана тоолуу райондордо жолдор тоңголок жана тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, айрым жерлерде 15-20 метрге жетиши күтүлөт.

Абанын температурасы Чүй облусунда +5…+10, Талас облусунда +5…+10, Ысык-Көл облусунда +4…+9, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында +13…+18, Нарын облусунда +2…+7 градус болот.

Ал эми Бишкекте абанын табы +6…+8, Ош шаарында +15…+17 жылуу болот.