Бишкек, 19.05.26. /Кабар/. Бүгүн өлкө аймагында жаан жаап, күн күркүрөйт.
Кыргызгидромет кызматынан билдиришкендей, айрым жерлерде жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт.
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4–9 метрден, айрым аймактарда 15–20 метрге чейин жетиши мүмкүн.
Абанын температурасы Чүй өрөөнүндө +22...+27, Талас облусунда +19...+24, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында +26...+31, Ысык-Көл кылаасында +19...+24, Нарын облусунда +20...+25 градус болот.
Ал эми Бишкек шаарында абанын табы +23...+25 градуска чейин көтөрүлөт.