Бишкек, 18.02.26. /Кабар/. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги 18-февралда республиканын аймагында күтүлгөн аба-ырайы тууралуу маалымат берди.
Ага ылайык, бүгүн жаан-чачын күтүлбөйт. Айрым жерлерде туман түшүшү күтүлөт. Тоо этектеринде жана тоолуу райондордо жолдор тоңголок жана тайгак болот. Түштүк-чыгыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 5-10 метрге жетиши күтүлөт.
Абанын температурасы Чүй облусунда +16…+21, Талас облусунда +13…+18, Ысык-Көл облусунда +7…+12, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында +16…+21, Нарын облусунда +2…+7 градус болот.
Термометрдин көрсөткүчү Бишкек шаарында +19…+21, Ош шаарында +18…+20 градусту түзөт.