Бишкек, 04.03.26. /Кабар/. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги 4-мартка карата өлкө аймагындагы аба ырайы тууралуу маалымат берди.
Ага ылайык, бүгүн өлкөнүн көпчүлүк аймактарында жаан жаап, тоолуу райондордо кар жаашы ыктымал. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундуна 4-9 метрден, айрым жерлерде 15-20 метрге чейин жетиши күтүлөт.
Аймактар боюнча абанын температурасы:
- Чүй облусу: +5… +10°C
- Талас облусу: +7… +12°C
- Ош, Жалал-Абад, Баткен облустары: +11… +16°C
- Ысык-Көл облусу: +3… +8°C
- Нарын облусу: +1… +6°C
- Суусамыр өрөөнү: 0… -5°C
Бишкек шаарында абанын температурасы +8… +10°C болуп, мезгил-мезгили менен жаан жаашы мүмкүн.