Бишкек, 12.02.26. /Кабар/. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги 12-февралга карата аба ырайы тууралуу маалымат таратты.
Ага ылайык, бүгүн өлкөнүн көпчүлүк аймактарында жаан жана кар жаайт. Тоолуу райондордо кар жаашы күтүлсө, Жалал-Абад жана Нарын облустарынын айрым аймактарында жаан-чачын катуу жаашы мүмкүн.
Айрым жерлерде туман түшөт. Тоо этектеринде жана тоолуу райондордо жолдор тайгак болуп, муз тоңушу ыктымал.
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4–9 метрди түзөт. Ысык-Көлдүн батыш жээгинде шамалдын ылдамдыгы 15–20 метрге чейин жетиши мүмкүн.
Абанын температурасы:
- Чүй облусунда +10…+15°;
- Талас облусунда 0…+5°;
- Ош, Жалал-Абад облустарында +5…+10°;
- Баткен облусунда +4…+9°;
- Ысык-Көл облусунда +2…+7°;
- Нарын облусунда 0…-5° суук болот.
Бишкек шаарында абанын температурасы +3…+5°, Ош шаарында +7…+9° жылуу болот.
ӨКМ жарандарды жол жүрүүдө этият болууга чакырат.