Бишкек, 12.11.25. /Кабар/. Бүгүн Бишкектин айрым жерлеринде жылуулук жана ысык суу берүү убактылуу токтотулат.
Муниципалитеттен билдиришкендей, жылуулук жана ысык суу берүү саат 9:00дөн 22:00гө чейин жылуулук тармактарындагы оңдоо иштерине байланыштуу төмөнкү аймактарда өчүрүлмөкчү:
- Асанбай кичи району — 2, 2а, 3, 3Б, 4, 8/2, 8/3, 9, 10, 11, 13, 14, 15, 17, 17/1, 18, 19, 21, 22, 23, 23/2, 25, 27, 29, 78/4 турак жай имараттары;
- "Оберег" реабилитациялык борбору;
- 7-кичи район — "7 небо" турак жай комплекси, "Глобус" дүкөнү.
Ал эми саат 8:00дөн 19:00гө чейин төмөнкү аймакта өчүрүлөт:
- Шабдан баатыр көчөсү, 39, 41, 43, 43/1, 45, 45/1, 47, 47/1 имараттары;
Саат 8:00дөн 16:00гө чейин:
- А. Сүйүмбаев көчөсү, 143, 159 имараттары;
- М. Фрунзе көчөсү, 421-имарат.
Бишкек мэриясы убактылуу ыңгайсыздыктарды түшүнүү менен кабыл алууну суранат.