Бүгүн Бишкектин айрым райондорунда ысык суу өчүрүлөт. Даректери

Коом Загрузка... 24 Октябрь 2025 10:17
1652324845_large.jpeg

Бишкек, 24.10.25 /Кабар/. Бүгүн, 24-октябрда саат 9:00дөн 16:00гө чейин Бишкектин айрым райондорунда ысык суу убактылуу өчүрүлөт. Бул тууралуу шаардык мэриядан билдиришти.

Маалыматка ылайык, өчүрүү оңдоо иштерине байланыштуу. Анын негизинде Гоголя көчөсүндө жана айрым кошуна даректерде ысык суу убактылуу өчүрүлөт.

Ысык суу төмөнкү даректерде болбойт:

  • Гоголь көчөсү: 114, 116, 116/1, 116/2, 133 (Медициналык борбор), 179, 191;
  • М. Фрунзе көчөсү: 300, 423, 425, 425/4, 429б («Достук» мейманканасы);
  • Жумабек көчөсү: 64, 79/1 (бала бакча), 83;
  • Семашко көчөсү: 5, 7, 9.

«Бишкекжылуулуктармагы» муниципалдык ишканасы шаар тургундарын келтирилген ыңгайсыздыктарды түшүнүү менен кабыл алуусун суранат.