Бишкек, 22.04.26. /Кабар/. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги 22-апрелде өлкө аймагында күтүлгөн аба ырайы тууралуу маалымат берди.
Ага ылайык, бүгүн Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен, Нарын облустарынын айрым жерлеринде өткүн өтүп, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт, Чүй, Ысык-Көл облустарында жаан-чачын күтүлбөйт.
Бийик тоолуу райондордо жолдор тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетиши мүмкүн.
Абанын температурасы Чүй, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында +23...+28, Талас аймагында +21...+26 градус, Ысык-Көлдө +15...+20, Нарын жергесинде +18...+23 градуска чейин көтөрүлөт.
Ал эми Бишкекте +25...+27, Ош шаарында +26...+28 градус жылуу болот.