Беш жылда тоо-кен тармагы бюджетке 217,9 млрд сом киреше алып келди

Экономика Загрузка... 13 Февраль 2026 11:20
Kumtor-4.jpg
copyright icon WWW

Бишкек, 13.02.26. /Кабар/. Акыркы беш жылда жер казынасын пайдалануу тармагында системалуу реформалар жүргүзүлүп, мамлекеттик көзөмөл күчөтүлдү. Бул тууралуу Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин өткөн жылдын жыйынтыгын чыгарган жыйынында айтылды.

Маалыматка караганда, акыркы 2 жылда 8 ири долбоор ишке киргизилип, мамлекеттик ишканаларга 105 лицензия берилди. Ал эми талаптарды бузган 320 лицензия жокко чыгарылды. Бүгүнкү күндө 2014 лицензия күчүндө.

"Акыркы 5 жылда тоо-кен тармагынан бюджетке 217,9 млрд сомдон ашык каражат түшүп, өсүү 3,5 эсени түздү. 2025-жылы 65,4 млрд сом түшүп, рекорддук көрсөткүч камсыздалды. Бул жылы 40 аукцион өткөрүлүп, 105,6 млн сом түшкөн. 5 жыл ичинде 141 тонна алтын өндүрүлдү", - деп айтылат маалыматта.