Беш-Арал коругундагы сейрек кездешүүчү жаныбарлар сүрөт капканга түшүп калган

Коом 25 Июнь 2025 12:33
512665962_717038077615991_4121337007029261277_n.jpg
511278543_717038190949313_1163315851139450700_n.jpg
511503627_717038084282657_6711562867846918588_n.jpg
511930148_717038170949315_7423345567354304900_n.jpg
512676676_717038210949311_9184802546380084984_n.jpg
512679191_717038080949324_1247436827642657616_n.jpg
512753009_717038294282636_1568941550375853538_n.jpg
512754114_717038310949301_8719067748420539754_n (1).jpg
512754114_717038310949301_8719067748420539754_n.jpg
Алдыга
Артка

copyright icon Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги

Бишкек, 25.06.25. /Кабар/. Беш-Арал мамлекеттик жаратылыш коругунун Ак-Шоро участогунда орнотулган фототузак жапайы жаныбарлардын сейрек учурларын тартып алган. Бул тууралуу Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги билдирди.

Маалыматта айтылгандай, бул сүрөттөр Кыргызстандын жаратылыш кереметтеринин бири болгон бул аймактагы биологиялык ар түрдүүлүктү сактоо жана изилдөө ишине чоң салым болуп саналат.

Ак-Шоро участогунан тартылган сүрөттөр жапайы жаратылыштын кооздугун жана аймактын фаунасынын байлыгын көрсөтүп турат. Бул — коруктун кызматкерлери тарабынан жүргүзүлүп жаткан тынымсыз эмгектин жыйынтыгы.

Маалымат үчүн: Беш-Арал мамлекеттик жаратылыш коругу 1979-жылы Чаткал өрөөнүнүн батыш бөлүгүндө жайгашкан уникалдуу жаныбарлар жана өсүмдүктөр дүйнөсүн коргоо максатында түзүлгөн. Жалпы аянты – 112 018 гектар.

Корук төмөнкү чек араларга ээ:

  • Түндүктөн — Пскема тоо кыркасы аркылуу Алям ашуусунан (1990,4 м) Казан-Булак (3364,5 м), Ак-Таш (3461,4 м) жана Чоң-Таш (2238,2 м) тоолору аркылуу өтөт;
  • Түштүк-чыгыштан — Терс дарыясы жана Өзбекстандын мамлекеттик чек арасы менен өтүп, эң түштүк чекити — Кара-Сай ашуусуна (3233,2 м) такалат;
  • Чыгыштан — Чоң-Таш тоолору, Беш-Арал (2007,4 м) жана Катта-Күмбел (2915,1 м) ашуулары аркылуу Терс дарыясына чейин созулат.

Корук төмөнкү төрт токой чарбасынан турат:

  • Кен-Булуң токой чарбасы — 34 447 га;
  • Баркырак токой чарбасы — 30 661,7 га;
  • Араб токой чарбасы — 21 639,3 га;
  • Сандалаш токой чарбасы — 25 471,5 га.

2016-жылы Беш-Арал мамлекеттик жаратылыш коругу ЮНЕСКОнун дүйнөлүк мурастар тизмесинин алдын ала тизмесине киргизилген. Бул коруктун глобалдык экологиялык маанисин тастыктайт.