Бердымухамедов Борбор Азия жана Азербайжан лидерлерин Аваза саммитине чакырды

Саясат Жүктөлүүдө... 31 Июль 2026 17:25
print_6217239_44732.2e16d0ba.format-webp.fill-1668x1014.webp
copyright icon WWW

Бишкек, 31.07.26. /Кабар/. Түркмөнстандын президенти Сердар Бердымухамедов Борбор Азия мамлекеттеринин жана Азербайжандын лидерлерин 8-октябрда Түркмөнстандын Аваза улуттук туристтик аймагында өтө турган кезектеги консультативдик жолугушууга чакырды. Бул тууралуу ал Чолпон-Ата шаарында өтүп жаткан Борбор Азия мамлекет башчыларынын жана Азербайжан президентинин бейформал жолугушуусунда билдирди.

Сердар Бердымухамедов Кыргызстандын президенти Садыр Жапаровго жолугушууну жогорку деңгээлде уюштурганы үчүн ыраазычылык билдирип, Ысык-Көлдүн жээгинде ачылган жаңы объектилер аймактын туристтик мүмкүнчүлүгүн өнүктүрүүгө чоң өбөлгө түзөрүн белгиледи.

Ал Азербайжандын бул форматтагы толук кандуу катышуусун жаңы этап катары баалап, алты тараптуу кызматташтык механизм өлкөлөрдүн ортосундагы достук жана өнөктөштүк байланыштарды дагы да бекемдей турганын айтты.

Түркмөнстандын президентинин маалыматы боюнча, Аваза саммитинин күн тартибине аймактык коопсуздук, саясий жана дипломатиялык кызматташтык, соода-экономикалык байланыштарды кеңейтүү, энергетика, транспорттук-логистикалык багыттарды өнүктүрүү маселелери киргизилет.

Ошондой эле мамлекет башчылары климаттын өзгөрүшүнө каршы аракеттер, суу ресурстарын пайдалануу, Арал деңизин калыбына келтирүү, маданий-гуманитардык жана жаштар кызматташтыгы боюнча пикир алышат.

Сердар Бердымухамедов Түркмөнстан саммитти жогорку уюштуруучулук деңгээлде өткөрүүгө бардык даярдык чараларын көрүп жатканын белгиледи.