Бишкек, 10.03.26. /Кабар/. Бельгиянын Фландрия аймагында Ala Too Belgium кыргыз диаспора уюму ачылды. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинен билдиришти.
Бул Кыргызстан менен Бельгиянын ортосундагы маданий байланыштарды бекемдөөгө жана мекендештерди колдоого багытталган.
Ачылыш аземинде Кыргызстандын Белгиядагы элчилиги жаңы түзүлгөн уюмдун ишмердүүлүгү үчүн эстелик белектерди жана ыктыярдуу каржылык салымын тапшырды.
Уюм мекендештер арасында гендердик теңчиликти, дени сак жашоо образын жайылтуу жана маданий көпүрөлөрдү курууну көздөйт.
Белгилей кетсек, бул демилге президент Садыр Жапаров тарабынан бекитилген, жарандык иденттүүлүктү жана патриоттук сезимди бекемдөөгө багытталган "Мен – Кыргыз жараны" улуттук долбоорунун алкагында ишке ашууда.
Диаспоралык уюмдун түзүлүшү Бельгиядагы кыргыз жамаатынын биримдигин бекемдөөдөгү жаңы баскыч болуп калды.