Белгилүү журналист Нооманжан Аркабаев каза болду

Коом Загрузка... 26 Январь 2026 11:13
Безымянный.png
copyright icon WWW

Бишкек, 26.01.26. /Кабар/. Белгилүү журналист Нооманжан Аркабаев узакка созулган оорудан улам каза болду.

Нооманжан Аркабаев 1959-жылы 9-майда Баткен районуна караштуу Апкан айылында төрөлгөн. И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин "Журналистика" жана "Укук таануу" факультетин бүтүргөн.

Ал ички иштер органдарынын басма сөз кызматында жана "Бетме-бет" гезитинде да редактор болуп иштеген. Ички иштер министрлигинин штабында, коопсуздук кызматында, КББда иштеп пенсияга кеткен. Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты болгон.

Кыргыз улуттук "Кабар" маалымат агенттигинин жалпы жамааты Нооманжан Аркабаевдин үй-бүлөсүнө жана жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтат.