Белгилүү актер Абдыкалык Акматов дүйнө салды

Коом 25 март 2026 12:25
Белгилүү актер Абдыкалык Акматов дүйнө салды

Бишкек, 25.03.26 /Кабар/. Эл артисти, Кыргыз улуттук “Манас” театрынын көрүнүктүү актеру, Театр ишмерлер союзунун мүчөсү Абдыкалык Акматов дүйнө салды. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлигинен билдиришти.

Кыргыз маданиятына зор салым кошкон актер, театрда сахнасында жана “Кербез”, “Ак илбирстин тукуму”, “Акбаранын көз жашы”, “Курманжан датка” сыяктуу чоң тасмаларда ролдорду жараткан.

Анын таланты, эмгеги жана адамдык асыл сапаттары элдин эсинде түбөлүк сакталат.