Беларустун тышкы иштер министри Кыргызстанга расмий сапары менен келет

Саясат 21 июль 2026 15:12
Беларустун тышкы иштер министри Кыргызстанга расмий сапары менен келет
copyright icon Тышкы иштер министрлиги

Бишкек, 21.07.26 /Кабар/. Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаевдин чакыруусу боюнча Беларустун тышкы иштер министри Максим Рыженков 22-23-июлда Кыргызстанга расмий сапары менен келет.

ТИМден билдиришкендей, сапардын алкагында эки өлкөнүн тышкы саясий ведомство башчыларынын сүйлөшүүлөрү пландалган.

Анын жүрүшүндө кыргыз-беларусь кызматташтыгынын актуалдуу маселелери, келечектеги кызматташуунун алгылыктуу багыттары жана эл аралык күн тартибиндеги негизги темалар талкууланат.