Беларустун премьер-министри Александр Турчин Кыргызстанга келди

Саясат Жүктөлүүдө... 06 Август 2026 16:30
unnamed.jpg
6a745e809d090.jpeg
6a745e804dc70.jpeg
6a745e7fc3fd8.jpeg
6a745e7f9ecb7.jpeg
6a745e7f64c7e.jpeg
Алдыга
Артка
unnamed.jpg
6a745e809d090.jpeg
6a745e804dc70.jpeg
6a745e7fc3fd8.jpeg
6a745e7f9ecb7.jpeg
6a745e7f64c7e.jpeg
Алдыга
Артка
copyright icon Министрлер кабинети

Бишкек, 06.08.26. /Кабар/. Беларустун премьер-министри Александр Турчин Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин кезектеги жыйынына катышуу үчүн Кыргызстанга келди.

“Ысык-Көл” эл аралык аэропортунан Беларустун премьер-министри Александр Турчинди министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары — суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Эрлист Акунбеков тосуп алды.

Белгилей кетсек, Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин кезектеги жыйыны 6-7-август күндөрү Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарында Евразия экономикалык биримдигине мүчө мамлекеттердин премьер-министрлеринин жана байкоочу мамлекеттердин делегация башчыларынын катышуусунда өтөт.