Ысык-Көл, 02.08.26. /Kaбaр/. Кыргызстанда эл аралык иш-чараларды көп өткөрүү керек. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев "Кабар" агенттигине билдирди.
Анын айтымында, суудагы "Формула-1" мелдешинин Кыргызстанда өткөрүлүшү чоң кубаныч тартуулоодо.
Депутат ошондой эле көптөгөн өлкөлөр азыр Кыргызстандын өнүгүшү жөнүндө сөз кылып жатканын белгиледи.
"Мындай иш-чараларды көбүрөөк өткөрүү керек. Башка өлкөлөр аларды көрүшү зарыл. Кыргызстандын келечеги бар. Кыргызстан өнүгөт", - деди ал