Бээнин сүтү менен дарылоо: Кыргызстан ден соолук туризминин лидерине айлана алат

Туризм Загрузка... 14 Апрель 2026 18:00
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous

Бишкек, 14.04.26 /Кабар/. Эгер туура колдоо болсо, бээнин сүтү менен дарылоо айылдарды өнүктүрүүдө негизги күч болуп калышы мүмкүн. Бул тууралуу “Кабар” агенттигине туризм тармагы боюнча эксперт Күлчоро Кадыралиев билдирди.

Ал ошондой эле бул багыт келечектүү экенин белгилеп, бирок учурда ал мезгилдик жактан чектелип жатканын айтты. Анын айтымында, бул иштин потенциалын толук ачуу үчүн заманбап форматка өтүү зарыл. Каада-салттар, жогорку деңгээлдеги кызмат көрсөтүү жана ыңгайлуулук менен айкалышкан этно-комплекстер түзүлүшү керек.

Андан сырткары, экономикалык пайда киреше менен гана чектелбейт. Анын социалдык таасири чоң болуп, бул тармакты өнүктүрүү менен алыскы аймактарда жумуш орундары түзүлүп, жергиликтүү фермерлерди колдоо жана ички миграциянын азайышына өбөлгө түзөт.

Эксперт белгилегендей, Кыргызстан ошондой эле дүйнөдө Wellness жана биохакингге болгон кызыгуу өсүп жаткан шартта рынокко толугу менен табигый, кылымдар бою сыналып келген ден соолукту чыңдоо ыкмасын сунуштай алат.

"Туризм үчүн бул кадимки стандарттуу багыттардан өзгөчөлөнүүгө чоң мүмкүнчүлүк берет. Биз жөн гана эс алууну сунуштабастан, тескерисинче, чыныгы аутенттик тажрыйба аркылуу көчмөн маданиятка терең аралашууну сунуштай алабыз. Ал эми бул Кыргызстандын Борбор Азиядагы экологиялык жана ден соолукту чыңдоочу туризм багытында лидер катары таанылышына шарт түзөт”,-деп белгиледи ал.