Бажыдагы көмүскө экономика 40%га чейин өскөн учурлар болгон – Шыкмаматов

Экономика Загрузка... 03 Апрель 2026 11:11
1a7bc8fe6515f7a8cc0d5e8854d429fa.jpg
copyright icon WWW

Бишкек, 03.04.26. /Кабар/. Кыргызстанда көмүскө экономиканын көлөмү бир кезде 40%га чейин жеткен. Бул тууралуу “Биринчи радионун” түз эфиринде Мамлекеттик салык кызматынын төрагасы Алмамбет Шыкмаматов билдирди.

Анын айтымында, Дүйнөлүк банк өлкөдөгү көмүскө экономиканын деңгээлин 40% чамасында деп баалаган. Бул өтө жогорку көрсөткүч болуп саналат.

“Бул көрсөткүч бажы системасында Райым Матраимов баштаган мафия үстөмдүк кылган мезгилге туура келет. Анда бажы төлөмдөрү, салыктык эмес жыйымдар жана салык түшүүлөрүнүн көбү көмүскөдө калган. Азыр системаны тазалоо жүрүп жатат. Көрсөткүчтөр абдан ыкчам өсүп, жалпы экономиканын көлөмү триллиондорго жетүүдө”, — деди ал.

Шыкмаматов белгилегендей, бизнес чөйрөсү акырындап көмүскөдөн чыга баштады. Анын пикиринде, буга санариптештирүү, мамлекеттик туура саясат, президент тарабынан ишкерлерге көрсөтүлгөн колдоо жана активдүү жүргүзүлүп жаткан түшүндүрүү иштери себеп болууда.

“Эң башкысы элдин мамилеси өзгөрүп жатат. Адамдар салыктан качууну азайтып, аны милдеттүү кадимки көрүнүш катары кабыл ала баштады”, — деп кошумчалады төрага.