Бажы кызматкерлери ЕАЭБдин техникалык талаптарын колдонууну үйрөнүштү

Коом Загрузка... 27 Февраль 2026 11:30
1736335831677e61d75ab72 1.png
copyright icon Экономика министрлиги

Бишкек, 27.02.26 /Кабар/. Күн мурун Экономика жана коммерция министрлиги Мамлекеттик бажы кызматынын адистери үчүн окутуучу семинар өткөрдү. Бул тууралуу ведомстводон билдиришти.

Иш-чара продукциянын коопсуздугун камсыздоо жана алардын Кыргызстандын жана Евразия экономикалык бирлигинин (ЕАЭБ) техникалык регламенттерине шайкештигин баалоо маселелерине арналды. Семинарга Стандартташтыруу жана метрология борборунун, курулуш, байланыш тармагындагы сертификаттоо органдарынын өкүлдөрү жана тиешелүү адистер катышты.

Жолугушуунун жүрүшүндө төмөнкү негизги маселелер каралды:

  • Техникалык жөнгө салуу мыйзамдарын иш жүзүндө колдонуу;
  • Үчүнчү өлкөлөрдөн товарларды ташып келүүдө сертификаттардын жана декларациялардын аныктыгын текшерүү;
  • Сыноо жүргүзүү үчүн продукциянын үлгүлөрүн алып келүүнүн тартиби;
  • Ведомстволор аралык өз ара аракеттенүү механизмдери.

Катышуучулар продукцияны бажылык жол-жоболоштурууда келип чыккан актуалдуу көйгөйлөрдү талкуулап, рынокко сапатсыз товарлардын киришине бөгөт коюу багыттарын белгилешти. Мындай иш-чаралар бажылык башкаруунун натыйжалуулугун жогорулатууга жана адистердин квалификациясын арттырууга багытталган.