Базар-Коргон – Арстанбап жолунун 10 чакырым аралыгы асфальтталат

Коом 374 13 Май 2026 10:45
696269466_1290791183229625_4431356300749070605_n.jpg
692667065_1290791216562955_3898852066547636606_n.jpg
1.jpg
696921604_1290791229896287_6770730547391841796_n.jpg
698505118_1290791179896292_1176840533058539545_n.jpg
Алдыга
Артка

copyright icon Транспорт министрлиги

Бишкек, 13.05.26. /Кабар/. Базар-Коргон – Арстанбап унаа жолунун 23-33-чакырым аралыгына асфальт төшөлөт. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинен билдиришти.

Учурда аталган тилкеде жолду калыбына келтирүү боюнча тиешелүү жумуштар аткарылууда. Эски асфальт катмарын сыйруу иштери толугу менен аяктап, азыркы тапта жолдун негизин даярдоо үчүн шагыл төшөө жана тегиздөө жумуштары кызуу жүрүп жатат.

"Жакын арада жаңы асфальт-бетон катмарын төшөө пландалууда. Жол тилкеси тоолуу аймакта болгондуктан, туруксуз аба ырайы жана жаан-чачын жумуштун жүрүшүн убактылуу кечеңдетүүдө", - деп айтылат маалыматта.