Баткендеги табигый кырсык: Сел көмөк чордонду каптап, жарык убактылуу өчтү

Аймак 338 23 Июнь 2026 08:30
5316671146377813466.jpg
5316671146377813468.jpg
5316671146377813469.jpg
5316671146377813464.jpg
5316671146377813456.jpg
5316671146377813459.jpg
5316671146377813450.jpg
5316671146377813453.jpg
Алдыга
Артка
5316671146377813466.jpg
5316671146377813468.jpg
5316671146377813469.jpg
5316671146377813464.jpg
5316671146377813456.jpg
5316671146377813459.jpg
5316671146377813450.jpg
5316671146377813453.jpg
Алдыга
Артка
copyright icon "Кыргызстан улуттук электр тармактары" ААК

Бишкек, 23.06.26. /Кабар/. 22-июнда Баткен районунда жүргөн катуу селдин кесепетинен Баткен электр тармактар ишканасынын имаратын жана "Баткен" көмөк чордонун суу каптады.

"Кыргызстан улуттук электр тармактары" ААКтан билдиришкендей, буга байланыштуу Баткен шаарында жана ага чектеш бир катар аймактарда электр энергиясын берүү убактылуу үзгүлтүккө учурады.

"Авариялык-оңдоо бригадалары күчөтүлгөн тартипте иштеп, аймакты тазалоо жана жабдууларды калыбына келтирүү иштерин жүргүзүүдө. Жарыкты кыска мөөнөттө берүү үчүн кошумча техникалар жана адистер тартылып, иш өзгөчө көзөмөлгө алынды", - деп айтылат маалыматта.

Белгилей кетсек, күн мурун Баткенде нөшөрлүү жаандан улам бир катар айылдарда сел жүргөн.