Баткендеги катуу шамал: Эки адам жабыркап, чыгым 16 млн сомго жетти

Коом 29 июнь 2026 18:15
731843470_1556695895823860_4780040869429862837_n.jpg
732001364_1556695985823851_6355742367267426229_n.jpg
732962149_1556696039157179_5533984919126268098_n.jpg
734329225_1556695885823861_3895348136699329400_n.jpg
735786442_1556696029157180_1680960793950476927_n.jpg
735786457_1556695932490523_1862380353899707259_n.jpg
Алдыга
Артка

copyright icon Президенттин Баткен облусундагы өкүлчүлүгү

Бишкек, 29.06.26. /Кабар/. Үстүбүздөгү жылдын 27-июнунда Баткен шаарында, ошондой эле Баткен жана Лейлек райондорунун аймагында болгон катуу шамалдан эки адам жабыркап, алдын ала эсептөөлөр боюнча 16 миллион сомдук зыян келтирилди.

Президенттин Баткен облусундагы өкүлчүлүгүнөн билдиришкендей, шамалдын ылдамдыгы секундасына 27-28 метрге чейин жетип, айрым турак үйлөрдүн жана социалдык объектилердин чатырларын учуруп кеткен.

Бүгүн облустун Жарандык коргонуу комиссиясынын кезектеги жыйыны өтүп, анда кырсыктын кесепеттерин жоюу маселеси каралды.

Президенттин өкүлүнүн биринчи орун басары Бактыбек Токсонбаев тиешелүү мекеме-уюмдардын жетекчилерине бир катар тапшырмаларды берди. Атап айтканда, жабыркаган жарандардан кабар алуу, социалдык объектилерди кыска мөөнөттө калыбына келтирүү жана мамлекеттик, муниципалдык объектилерди камсыздандыруу иштерин тездетүү милдеттендирилди.

Ошондой эле аймактык саламаттык сактоо кызматтарына кырсыктан жабыркаган эки жаранга зарыл болгон бардык медициналык жардамды көрсөтүү тапшырмасы берилди.

"Учурда чыгымдарды тактоо жана калыбына келтирүү иштери улантылууда", — деп айтылат маалыматта.