Баткендеги ири өрт 4 күжүрмөн эсептин күчү менен өчүрүлдү

Кырсык Загрузка... 28 Октябрь 2025 15:50
copyright icon ӨКМ

Бишкек, 28.10.25. /Кабар/. Баткен облусунун Кадамжай районундагы мурдагы мунай затты кайра иштетүүчү жайда чыккан өрт саат 12:29да толук өчүрүлдү.

ӨКМдин Баткен облусу боюнча башкармалыгынын маалыматына караганда, тилсиз жоодон жабыркагандар болгон жок.

Өрттү өчүрүүгө жалпы 4 күжүрмөн эсеп тартылган. Алдын ала маалымат боюнча, өрттүн аянты болжол менен 150 чарчы метрди түзгөн.

Учурда өрттүн келип чыгуу себептери такталууда.

Белгилей кетсек, бүгүн эртең менен тилсиз жоо Ак-Турпак айыл аймагына караштуу Бүргөндү айылында мунай зат өндүрүүчү жайдан чыккан.