Бишкек, 28.10.25. /Кабар/. Кадамжайда мунай зат өндүрүүчү жайдан чыккан өрт өчүрүлүүдө. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.
Алдын ала маалымат боюнча, өрт Ак-Турпак айыл аймагына караштуу Бүргөндү айылында мунай зат өндүрүүчү жайдан чыккан.
Тилсиз жоону өчүрүүгө саат 09:47дөн тарта өрт өчүрүүчү күжүрмөн эсептер жөнөтүлгөн. Учурда жеринде 4 күжүрмөн эсеп иш алып барууда.
Кошумча маалымат берилет.