Баткенде селдин кесепеттери жоюлуп, чыгымдар такталууда

Аймак Загрузка... 23 Июнь 2026 10:15
729746796_1550960546397395_9157577601798186991_n.jpg
copyright icon Президенттин Баткен облусундагы өкүлчүлүгү

Бишкек, 23.06.26. /Кабар/. Баткен облусунда селдин кесепеттерин жоюу боюнча иштер аткарылууда. Бул тууралуу президенттин аймактагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.

Маалыматка караганда, бүгүн эртең менен президенттин өкүлүнүн орун басары Абдирашит Ташбалтаевдин жетекчилигинде жыйын өттү.

Ага Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин кызматкерлери, жарандык коргонуу кызматтары жана жергиликтүү бийлик өкүлдөрү катышып, селдин кесепеттерин жоюу, аймактарды тазалоо жана келтирилген чыгымдарды тактоо иштери боюнча маалыматтар угулду.

Ташбалтаев жетекчилерге турак үйлөрдү, короо-жайларды, административдик имараттарды сел сууларынан тазалап, жолдорду ачуу, электр энергиясын калыбына келтирүү боюнча тапшырмаларды берди.

Учурда келтирилген материалдык чыгымдардын көлөмү такталууда.

Белгилей кетсек, күн мурун Баткенде нөшөрлүү жаандан улам бир катар айылдарда сел жүргөн.