Селдин кесепеттерин жоюу: Баткенде энергетиктер түнү бою иштешти

Аймак 320 23 Июнь 2026 12:00
bab3d247-b6a1-4541-8d82-d8de757f561a.jpg
fe4a1941-5444-4137-bdd0-e7d990564e82.jpg
b1b82385-42a4-4416-b27f-557ad3802eb4.jpg
250095a1-24ee-4ada-bffa-93b53d4cddd3.jpg
f8180bd9-5f50-4e7e-a24b-9327181279a0.jpg
f6dc2b6f-383e-488a-8b5f-3bfcd6b6776f.jpg
f39ba7f5-5fcd-441e-8c61-888d78e35b86.jpg
cf627934-a490-4d2c-bb88-8fedc6bbb46a.jpg
846c6a0c-ba64-4004-8644-72344dfa9abf.jpg
639a2124-eaaa-4493-8118-a421b966a532.jpg
2fefa627-74d2-4dc2-9ab0-5241c2f2a735.jpg
4b83c108-1502-40d0-aa65-c7d65cd07fd0.jpg
0630fe28-ec12-4229-bbfd-2eb303c29041.jpg
601af029-0965-4012-add8-423f51f02fe5.jpg
Алдыга
Артка

copyright icon "Кыргызстан улуттук электр тармактары" ААК

Бишкек, 23.06.26. /Кабар/. Баткен электр тармактар ишканасынын кызматкерлери түнү бою селден улам үзгүлтүккө учураткан авариялык калыбына келтирүү иштерин жүргүзүштү.

"Кыргызстан улуттук электр тармактар" ААКтан билдиришкендей, ыкчам иштердин натыйжасында Баткен шаарынын жана Баткен районунун негизги бөлүгүнө электр энергиясы берилди.

"Учурда адистер Баткен шаарынын айрым бөлүктөрүн, ошондой эле Баткен районундагы Бужум, Жаңы-Жер жана Чек айылдарын электр энергиясы менен толук камсыздоо багытында иштерди улантууда", - деп айтылат маалыматта.

Ошондой эле электр жабдуулары текшерилип, селден жабыркаган объектилерде тазалоо жана калыбына келтирүү иштери жүргүзүлүүдө.

Кырдаалга байланыштуу ишкананын башкы директору Ильгиз Сыдыгалиев Баткен облусуна келип, селдин кесепеттерин жоюу жана электр энергиясын калыбына келтирүү иштеринин жүрүшү менен жеринен таанышты. Ал авариялык-калыбына келтирүү иштерине тартылган кызматкерлер менен жолугуп, иштерди ыкчам жана сапаттуу жүргүзүү боюнча тиешелүү тапшырмаларды берди.

Белгилей кетсек, күн мурун Баткенде нөшөрлүү жаандан улам бир катар айылдарда сел жүргөн. Бүгүн президенттин тапшырмасы менен селдин кесепеттерин жоюу иштери күчөтүлгөн тартипте жүрүүдө.