Бишкек, 22.10.26. /Кабар/. Баткен шаарында Россиянын каржылык колдоосу менен 1224 орундуу мектептин курулушу жүрүп жатат. Бул тууралуу Баткен шаарынын мэринин орун басары Алихан Ураимов билдирди.
Анын айтымында, билим берүү мекемесин 2027-жылдын сентябрь айында пайдаланууга берүү пландалууда. Мектептин курулушуна 3 гектардан ашык жер бөлүнгөн. Кыргыз-Россия өкмөттөр аралык келишимине ылайык, мектепте окутуу орус тилинде жүргүзүлүп, мугалимдер Россиядан келет.
"Долбоордо мектепке баруучу жолдорду жана анын айланасын көрктөндүрүү да каралган. Бул иштерди мектеп пайдаланууга берилгенге чейин бүтүрүү пландалууда. Мектепте окуучулар жана мугалимдер үчүн заманбап шарттар түзүлөт. Анда чоң жана кичине эки бассейн, 700 орундуу актовый зал жана спорт аянтчалары болот", - деди ал.