Баткен шаарында арзан көмүр сатылууда

Аймак 13 октябрь 2026 16:50
Баткен шаарында арзан көмүр сатылууда
copyright icon WWW

Бишкек, 13.10.26. /Кабар/. Баткен шаарынын Кызыл-Дөң аймактык башкармалыгында жергиликтүү тургундарга арзандатылган көмүр сатылууда. Бул тууралуу шаардык мэриядан билдиришти.

Маалыматка караганда, "Кыргыз көмүр" ишканасы жеткирген көмүрдүн бир кабы 350 сомдон сатылып жатат.

"Арзандатылган көмүр мындан ары да шаарга үзгүлтүксүз жеткирилип, аймактык башкармалыктарга кезек-кезеги менен бөлүштүрүлүп, сатыкка чыгарылат", - деп айтылат маалыматта.

Белгиленгендей, бул иш калкты кышкы отун менен жеткиликтүү баада камсыз кылуу максатында жүргүзүлүүдө.