Баткенде беш жылда 148 ишкана ачылып, 686 жумуш орду түзүлдү

Аймак 12 октябрь 2026 09:40
Баткенде беш жылда 148 ишкана ачылып, 686 жумуш орду түзүлдү
copyright icon WWW

Бишкек, 12.10.26 /Кабар/. 2021-2026-жылдары Баткен шаарында 148 жаңы ишкана ачылып, 686 жумуш орду түзүлгөн. Бул тууралуу шаар мэри Сейтек Кулубаев президент Садыр Жапаров менен болгон жолугушууда билдирди.

Анын маалыматына ылайык, аталган мезгилде шаарда жалпы наркы 2 млрд 57 млн сомду түзгөн 16 объект курулган. Алардын арасында үч мектеп, спорт зал, 10 административдик имарат, чакан гидротүйүн жана асфальт-бетон заводу бар.

Мындан тышкары, 2026-жылы шаарда алты балдар оюн аянтчасын куруу, ичүүчү суу түтүгүн тартуу, автобус паркынын жана унаа токтотуучу жайдын инфраструктурасын уюштуруу, жөө жүргүнчүлөр үчүн жолчолорду куруу жана шаарды көрктөндүрүү иштери жүргүзүлүүдө. Бул иштердин жалпы наркы 170 млн сомду түзөт.