Ноокенде 5 жылда 100дөн ашык социалдык инфраструктура курулду

Аймак
Ноокенде 5 жылда 100дөн ашык социалдык инфраструктура курулду
copyright icon Президенттин басма сөз кызматы

Бишкек, 23.10.26. /Кабар/. Президент Садыр Жапаров Майлуу-Суу шаарынын жана Ноокен районунун социалдык-экономикалык өнүгүүсү менен таанышканда социалдык инфраструктуралардын курулушу боюнча маалымат берилди.

Анда белгиленгендей, Ноокен районунда 2021-2025-жылдары 14 жаңы мектеп жана 13 бала бакча пайдаланууга берилген. 17 мектепте жана 6 бала бакчада капиталдык оңдоо иштери жүргүзүлгөн.

Саламаттык сактоо тармагында 17 жаңы имарат курулуп, пайдаланууга берилген, дагы 11 объект капиталдык оңдоодон өткөн.

Спорттук инфраструктураны өнүктүрүү максатында 21 кичи футбол стадиону жана 11 спорт зал курулган.