Баткенде "Нелегал Кордон" иш-чарасында профилактикалык түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү

Коом 17 Октябрь 2025 11:41
561198551_25007466742208497_1618384002841369395_n.jpg
564584633_25007466745541830_3465110259586096594_n.jpg
566224695_25007467038875134_8478617901529843488_n.jpg
Алдыга
Артка
561198551_25007466742208497_1618384002841369395_n.jpg
564584633_25007466745541830_3465110259586096594_n.jpg
566224695_25007467038875134_8478617901529843488_n.jpg
Алдыга
Артка
copyright icon Баткен ОИИБ

Бишкек, 17.10.25. /Кабар/. Баткен облусунда "Нелегал Кордон" операциясынын алкагында Сүлүктү шаарындагы көмүр кендеринде текшерүү иштери жүргүзүлүүдө. Бул тууралуу Баткен ОИИБдин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматта белгиленгендей, 13-октябрдан 23-октябрга чейин облус аймагында “Нелегал Кордон” аталышындагы иш-чаранын алкагында Баткен ОИИБдин кызматкерлери тарабынан Сүлүктү шаарындагы көмүр казуучу кендерде иштеп жаткан чет өлкөлүктөргө карата профилактикалык түшүндүрүү иштери өтүүдө.

Анда алардын Кыргызстандын аймагында жүрүү тартиби жана эмгек ишин жүзөгө ашыруу эрежелерин сактоо боюнча эскертүүлөр берилип, мыйзам бузуулардын алдын алуу чаралары көрүлдү.

Аныкталган мыйзам бузуулар боюнча Укук бузуулар жөнүндө кодексинин негизинде тиешелүү айып салынды жана мыйзам чегинде түшүндүрүү иштери жүргүзүлгөнү белгилүү болду.