Баткенде кытайлык ири инвесторлорго жаңы долбоорлор сунушталды

Коом 315 25 Июнь 2026 10:45
730354032_1552484299578353_7648161147431524862_n.jpg
731079536_1552484279578355_3021992612663489340_n.jpg
731105109_1552485386244911_6410103317500610317_n.jpg
731787429_1552485452911571_497184657495707715_n.jpg
727551174_1552485409578242_2299484078597712767_n.jpg
727940313_1552485359578247_1273535654997724754_n.jpg
728265854_1552484376245012_5042706681709759287_n.jpg
728527878_1552485352911581_6636420756814435229_n.jpg
729768798_1552485419578241_498597945050465370_n.jpg
729805201_1552485442911572_4019401984153921200_n.jpg
Алдыга
Артка

copyright icon Президенттин Баткен облусундагы өкүлчүлүгү

Бишкек, 25.06.26. /Кабар/. Президенттин Баткен облусундагы өкүлү Мамыржан Рахимов кытайлык Hebei Lugang Group компаниясынын төрагасы Лю Руйляо баштаган делегацияны кабыл алды.

Өкүлчүлүктөн билдиришкендей, жолугушуунун жүрүшүндө облус башчысы Мамыржан Рахимов делегацияга Баткен облусунун инвестициялык мүмкүнчүлүктөрү, инвесторлор үчүн түзүлгөн жеңилдиктер тууралуу кеңири маалымат берип, аймакта ишке ашырууга сунушталган артыкчылыктуу долбоорлор тааныштырды.

Атап айтканда, кытайлык инвесторлорго "Достук" эл аралык соода-логистикалык паркынын долбоору, заманбап көп кабаттуу турак жайларды куруу жана курулуш материалдарын чыгаруу боюнча биргелешкен өндүрүш ишканаларын түзүү сунушталды.

Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар өз ара кызматташуунун келечектүү багыттарын деталдуу талкуулашты. Hebei Lugang Group компаниясынын өкүлдөрү сунушталган долбоорлорго өзгөчө кызыгуусун билдирип, Баткен облусу менен тыгыз өнөктөштүктө иштешүүгө даяр экендиктерин баса белгилешти.

Маалымат үчүн: Hebei Lugang Group – логистика, транспорттук инфраструктура жана эл аралык соода багытында иш алып барган Кытайдын эң ири жана таасирдүү компанияларынын бири болуп саналат.