Баткенде элеттиктер күнөскана иштетип киреше табууда

Аймак 02 Апрель 2026 09:30
662689492_1483769659783151_1118557127058005207_n.jpg
658133189_1483769549783162_413965228755029271_n.jpg
656977872_1483772923116158_9192256597290427155_n.jpg
658130653_1483767053116745_4998405761230505923_n.jpg
658873745_1483769283116522_4937665251179960994_n.jpg
657331894_1483769516449832_7554198862686524614_n.jpg
658981942_1483772709782846_8445337399006366144_n.jpg
659793318_1483766786450105_3836428500126059252_n.jpg
Алдыга
Артка

copyright icon Президенттин Баткен облусундагы өкүлчүлүгү

Бишкек, 02.04.26. /Кабар/. Баткен облусунун Лейлек районундагы Раззаков шаарынын Чымген айылынын тургуну Аззамкул Ташбеков күнөсканада кулпунай өстүрүп, аймактагы ийгиликтүү ишкерге айланды. Бул тууралуу президенттин облустагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.

Маалыматта белгиленгендей, учурда багбан кооператив мүчөлөрү менен бирге түшүм жыйноо менен алек болсо, жубайы ички базарда кулпунай сатууда.

Алардын кулпунайына суроо-талап жогору болуп, бир килограммы 1500 сомго чейин бааланууда. Ишкер кулпунайды күнөсканада эле эмес, ачык асман астында тамчылатып сугаруу ыкмасы менен да өстүрөт.

Өкүлчүлүктөн кошумчалашкандай, Аззамкул Ташбеков сыяктуу айылдын 25 тургуну бир кооперативге биригип, “Айыл чарба жана азык-түлүк коопсуздугу боюнча глобалдык программа” жана Дүйнөлүк азык-түлүк программасы тарабынан каржыланган “Азык-түлүк коопсуздугу жана тамактанууну жакшыртуу аркылуу Баткенде туруктуу азык-түлүк тутумун чыңдоо” долбоорунун алкагында колдоого ээ болуп, атайын окутуулардан өтүшкөн.