Бишкек, 08.10.26. /Кабар/. Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министринин орун басары Мирбек Дүйшеев кайра иштетүү өнөр жайынын өкүлдөрү, ишкерлер жана тармактык ассоциациялардын жетекчилери менен жолугушту.
Министрликтен билдиришкендей, жолугушуунун жүрүшүндө ишкерлер жана ассоциациялар тарабынан уруксат берүүчү документтерди алуу, тиешелүү жол-жоболор жана өндүрүш ишмердигин жүргүзүүдө кездешкен көйгөйлүү маселелер көтөрүлдү.
Тараптар айтылган көйгөйлөрдү чечүү, административдик тоскоолдуктарды азайтуу жана уруксат берүүчү жол-жоболорду жөнөкөйлөтүү боюнча сунуштарды талкуулашты.
Жыйынтыгында көтөрүлгөн маселелерди тиешелүү мамлекеттик органдар менен биргеликте карап чыгуу жана уруксат берүүчү жол-жоболорду оптималдаштыруу боюнча конкреттүү сунуштарды иштеп чыгуу боюнча тиешелүү тапшырмалар белгиленди.