Селдин кесепети: Баткенде электр энергиясы толук берилди

Аймак 370 24 Июнь 2026 09:00
IMG_5258.jpeg
IMG_8909.jpeg
IMG_8808.jpeg
IMG_9045.jpeg
IMG_8974.jpeg
IMG_9024.jpeg
IMG_8975.jpeg
Алдыга
Артка
IMG_5258.jpeg
IMG_8909.jpeg
IMG_8808.jpeg
IMG_9045.jpeg
IMG_8974.jpeg
IMG_9024.jpeg
IMG_8975.jpeg
Алдыга
Артка
copyright icon Баткен ЭТИ

Бишкек, 24.06.26. /Кабар/. Баткенде селден кийинки электр энергиясын калыбына келтирүү иштери ийгиликтүү аяктады. Бул тууралуу Баткен электр тармактар ишканасынан билдиришти.

Белгилей кетсек, 22-июнда нөшөрлүү жаандан кийин ишкананын административдик имаратын жана 110/35/6 кВ "Баткен" көмөк чордонун сел каптаган. Өзгөчө кырдаалдын натыйжасында Баткен шаарында жана Баткен районунда электр энергиясын берүү убактылуу үзгүлтүккө учураган.

"Кырдаал жаралгандан тартып Баткен электр тармактар ишканасынын авариялык-калыбына келтирүү бригадалары күчөтүлгөн тартипте иш алып барып, түнү бою электр жабдууларын сел калдыктарынан тазалоо, техникалык кароо жүргүзүү жана бузулган участокторду калыбына келтирүү иштерин аткарышты", - деп айтылат маалыматта.

Калыбына келтирүү иштерине Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин кызматкерлери да тартылып, селден жабыркаган аймактарды тазалоо жана авариялык иштерди жүргүзүүдө көмөк көрсөтүштү.