Баткенде "Агросервис" кооперативи жыл сайын картошкадан жогорку түшүм алууда

Аймак Загрузка... 14 Февраль 2025 11:24
1.jpg
copyright icon Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинин басма сөз кызматы

Бишкек, 14.02.25. /Кабар/. Баткен районундагы “Агросервис” айыл чарба кооперативи жыл сайын жогорку түшүм алып, фермерлер жакшы жетишкендикке жетүүдө. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, кооперативдин жалпы түшүмү 5 миң тоннадан ашып, ар бир фермер орточо 700 миң сомдон ашык киреше табууда.

Бул кооператив 140 гектар аянтта органикалык негизде эрте өскөн картошка өстүрүүгө адистешкен. Ал триходермин жана кореялык микориза сыяктуу биопрепараттарды колдонуу аркылуу өз түшүмдүүлүгүн эки эсеге өстүрүп, гектарына 40 тоннага чейин түшүм алат.

Картошканын түшүмүн жыйнап бүткөндөн кийин фермерлер жүгөрү, коон, дарбыз жана даамы менен айырмаланган анар өстүрүүдө. Ошондой эле "Бир айыл — бир продукт" долбоорунун алкагында Японияга экспорттолчу анар ширесин өндүрүүнү колго алган.

“Агросервис” кооперативи мындан ары да өнүгүүнү көздөп, тамчылатып сугаруу системасын киргизүүнү жана эрте жетилүүчү картошканы Россия рыногуна экспорттоону пландаштырууда. Кооператив заманбап технологияларды колдонуу жана натыйжалуу уюштуруунун жардамы менен айыл чарбасын өнүктүрүп, фермерлердин жашоо деңгээлин жогорулатууга чоң салым кошууда.