Бишкек, 08.10.26 /Кабар/. Монополияга каршы жөнгө салуу кызматы Ысык-Көл облусунда жана Бишкектин ири базарларында картошканын бааларына мониторинг жүргүздү. Бул тууралуу Экономика министрлиги билдирет.
Мониторингдин жыйынтыгы боюнча:
- Ысык-Көл облусунда картошканын чекене баасы — 30–40 сом/кг.
- Бишкек шаарында:
"Аламүдүн" базары — 30–45 сом/кг;
"Орто-Сай" базары — 40–45 сом/кг;
"Ак-Эмир" базары — 35–60 сом/кг.
Учурда фермерлер картошканы дүң баада 15–17 сомдон, ал эми базарлардын дүң соода катарларында 20–25 сомдон сатууда.
Картошканын чекене баасы анын сортуна, сапатына жана ортомчулардын санына жараша айырмаланат.