Кыргызстанда картошка импортуна чектөө киргизилди

Экономика 16 октябрь 2026 15:10
Кыргызстанда картошка импортуна чектөө киргизилди
copyright icon WWW

Бишкек, 16.10.26. /Кабар/. Кыргызстанда картошканын ички өндүрүшү өлкөнүн керектөөсүн толук камсыздагандыктан, аны импорттоого 2027-жылдын 1-мартына чейин убактылуу чектөө киргизилди.

Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришкендей, тиешелүү токтомго министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Данияр Амангелдиев кол койду.

"Чектөө Кыргызстандын аймагы аркылуу транзит менен өткөрүлүүчү картошкага, ошондой эле илимий-изилдөө, сыноо жана башка атайын иш-чараларды жүргүзүү үчүн ташылып келинүүчү продукцияга жайылтылбайт", - деп айтылат маалыматта.

Белгиленгендей, Кыргызстанда жылдык керектөө үчүн болжол менен 779 миң 700 тонна картошка талап кылынат. Өлкөнүн бул азык менен өзүн-өзү камсыздоо деңгээли 181,9%ды түзөт. 2026-жылы Кыргызстанда 1 млн 249 миң 700 тоннага жакын картошка өндүрүлөрү күтүлүүдө.