Баткенде 25 жуптун үйлөнүү тою чоң салтанат менен өттү

Аймак 14 Август 2025 17:15
1.jpg
531693369_1300659874760798_9059820518285128793_n.jpg
531811785_1300782808081838_3201360143057702566_n.jpg
532043865_1300782531415199_1281420572736553618_n.jpg
532242681_1300783621415090_4292438542811642421_n.jpg
532254141_1300783784748407_7129925366752682782_n.jpg
532259016_1300782498081869_7118488272547217910_n.jpg
532295867_1300782374748548_2096258148820993145_n.jpg
532328631_1300782641415188_608597587624044770_n.jpg
532924114_1300783861415066_3170242976244660390_n.jpg
532954895_1300782381415214_5846072243389091568_n.jpg
533162096_1300782581415194_7901885177067180165_n.jpg
533487194_1300783898081729_1977058156375865775_n.jpg
Алдыга
Артка

copyright icon Президенттин Баткен облусундагы өкүлчүлүгү

Бишкек, 14.08.25. /Кабар/. Баткенде 25 жуптун үйлөнүү тою чоң салтанат менен өттү. Бул тууралуу президенттин аймактагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.

Иш-чарага жаш жубайлар жана алардын жакындары менен катар, Жогорку Кеңештин депутаты Рысбек Атажанов, президенттин Баткен облусундагы өкүлүнүн орун басары Жаныбек Исаков баштаган район-шаар жетекчилери, "Бүткүл дүйнөлүк мусулман жаштары ассамблеясынын" мүдүрү Мохаммед Мады баштаган Сауд Аравия өлкөсүнөн коноктор катышты.

Жаныбек Исаков алгач жаш жубайлардын үлпөт тоюн колдоого алган, Ахмад бин Ибрахим бин Саидге, облус башчысы Айбек Шаменовдун ыраазычылыгын билдирди.

Ошондой эле жаш жубайларга облус башчысынын куттуктоосун айтып, белектерин ыйгарды.

Аталган иш-чара президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппараты, жергиликтүү бийлик органдары жана "Бүткүл дүйнөлүк мусулман жаштар ассамблеясы" коомдук бирикмеси менен биргеликте уюштурулууда.

Жубайларга бүгүн борбордук мечитте нике кыйылып, нике шакектери жана күбөлүктөрү тапшырылды. Демөөрчүлөр тарабынан үй тиричилик буюмдары да белекке берилди.

Иш-чаранын максаты-үй-бүлөлүк баалуулуктарды бекемдөө, жаштардын келечегине дем берип, коомчулукту бир максатка бириктирүү,кайрымдуулук маданиятын жайылтуу жана социалдык колдоо көрсөтүү болуп саналат.