Үй-бүлөлүк баалуулуктарды бекемдөө. Баткенде 25 түгөйдүн үлпөт тою өтүүдө

Аймак 14 Август 2025 10:45
531846294_1300572378102881_3397030024439854514_n.jpg
532331109_1300572471436205_59650508917527422_n.jpg
532401008_1300572468102872_1523199115766620268_n.jpg
532593059_1300572464769539_494142250093772069_n.jpg
532950318_1300572531436199_1856245880081578009_n.jpg
533034200_1300572374769548_8149529496805246126_n.jpg
533075560_1300572381436214_7925845785416475659_n.jpg
Алдыга
Артка

copyright icon Президенттин Нарын облусундагы өкүлчүлүгү

Бишкек, 14.08.25. /Кабар/. Баткенде "Мамлекеттин өзөгү - үй-бүлө" аталышында 25 жуптун үйлөнүү үлпөт иш-чарасы башталды. Бул тууралуу президенттин аймактагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.

Аталган иш-чара президенттин Баткен облусундагы өкүлүнүн аппараты, жергиликтүү бийлик органдары жана "Бүткүл дүйнөлүк мусулман жаштар ассамблеясы" коомдук бирикмеси менен биргеликте уюштурулууда.

Алгач борбордук мечитте жаш жубайларга нике кыюу аземи өттү.

Алдыда үйлөнүү үлпөт той жана маданий иш-чаралар уланат.
Баткен облусунун аймагынан тандалып алынган 25 жаш жубайлардын тоюна жергиликтүү жетекчилер, демөөрчүлөр жана алардын жакындары катышып, куттуктоолор менен белектер жана сертификаттар тапшырылат.

Иш-чаранын максаты үй-бүлөлүк баалуулуктарды бекемдөө, жаштардын келечегине дем берип, коомчулукту бир максатка бириктирүү, кайрымдуулук маданиятын жайылтуу жана социалдык колдоо көрсөтүү болуп саналат.