Баткен жана Согди облус башчылары кызматташтыкты өнүктүрүүнү сүйлөштү

Саясат 21 Июль 2026 16:45
748948217_1574778914015558_5575307168601624240_n.jpg
751692405_1574778650682251_6241032676687595054_n.jpg
753429005_1574778870682229_5744420472804354864_n.jpg
Алдыга
Артка
748948217_1574778914015558_5575307168601624240_n.jpg
751692405_1574778650682251_6241032676687595054_n.jpg
753429005_1574778870682229_5744420472804354864_n.jpg
Алдыга
Артка
copyright icon Президенттин Баткен облусундагы өкүлчүлүгү

Бишкек, 21.07.26 /Кабар/. Президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Мамыржан Рахимов менен Тажикстандын Согди облусунун башчысы Раджоб Ахмадзода Гулистон шаарында жолугушту.

Өкүлчүлүктөн билдиришкендей, жолугушууга эки облустун күч түзүмдөрүнүн жетекчилери, ошондой эле чектеш район жана шаарлардын башчылары катышты.

Тараптар эки тараптуу кызматташтыкты чыңдоо, чек ара аймактарында коомдук коопсуздукту камсыз кылуу маселелерин талкуулашты.

Ошондой эле кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын демаркациялоо боюнча Өкмөттөр аралык комиссиянын ишин кубаттап, жергиликтүү деңгээлдеги маселелерди ыкчам жана өз ара түшүнүшүү менен чечүү зарылдыгын белгилешти.

Жолугушууда Баткен жана Согди облустарынын ортосундагы маданий-гуманитардык, жаштар, спорттук жана экономикалык байланыштарды мындан ары өнүктүрүү маселелерине өзгөчө көңүл бурулду.

Тараптар соода-экономикалык кызматташтыктын туруктуу өнүгүп жатканын белгилешти. 2026-жылдын январь-май айларында Баткен облусу менен Тажикстандын ортосундагы тышкы соода жүгүртүүнүн көлөмү 700 миң АКШ долларынан ашкан.

Мындан тышкары, "Кызыл-Бел – автожол" өткөрмө пунктунда "Кыргыз Агрохолдинг" долбоорун ишке ашыруу маселеси талкууланды. Аталган долбоор жаңы жумуш орундарын түзүүгө жана эки өлкөнүн соода-экономикалык кызматташтыгын жаңы деңгээлге чыгарууга өбөлгө түзөрү белгиленди.

Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар эки облустун ортосундагы достук жана ынак коңшулук мамилелерди мындан ары чыңдоого багытталган кызматташтыкты улантуу боюнча пикир алышты.